Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

Коргоо кеңешинин кезектеги отуруму


БИШКЕК. 30-июнда Бишкекте республиканын Коргоо кеңеш төрагасы президент Аскар Акаевдин жетекчилиги астында Кеңештин кезектеги отуруму болду. Анда куралдуу күчтөрдүн 2010-жылга чейинки ишин стратегиялык пландоого, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабын түзүүгө байланышкан маселелер талкууланды. Бул тууралуу президенттин пресс кызматы ушул эле күнү маалымат таратты. Президент отурумда коргоо тармагын реформалоо иши уланып жатканын жана ички, тышкы коркунучтарга каршы улуттук коопсуздук системасынын биргелешип аракеттенүүсүн стратегиялык пландоого байланышкан документтерди иштөө аяктап калганын белгиледи. Ошондой эле ал күч тармак жетекчилерин коргонуу ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзамдарды Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктоо ишине көңүл бурууга чакырды. Коргоо кеңешинин отурумуна премьер-министр Николай Танаев, күч структура жетекчилери катышып, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо багытында стратегиялык пландоо жана биргелешкен штаб түзүү маселелери боюнча билдирүү жасашты. Коргоо кеңешине маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган жок.

XS
SM
MD
LG