БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынында 3 депутаттык топ, 4 фракция, ал эми Эл өкүлдөр жыйынында 2 депутаттык фракция иштеп жатат. Бул фракциялар Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүнө салым кошууда. Бул тууралуу кыргыз парламентинин фракция башчыларынын бүгүнкү маалымат жыйынында айтылды. Андан тышкары, маалымат жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын жана Швециянын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин көмөгү менен чыгарылган «Кыргыз парламентиндеги депутаттык фракциялар жана топтор» деген китепченин бет ачаары болуп өттү.
Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, партиялык тизме менен шайлоого эми уруксат берилбейт. Ошондуктан келерки парламентте күчтүү депутаттык топ, фракциялар түзүлбөйт. Маалымат жыйынына катышкан депутаттык топтордун, фракциялардын башчылары Абсамат Масалиев, Марат Султанов, Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков ушундай пикир айтышып, бул демократияны курууда артка кетүү экенин белгилешти.