Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Кыргызстандын тышкы иштер министри Москвага бармак болду


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов 7-9-июлда Орусия Федерациясына расмий иш сапары менен барат. Москвада ал Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов, ички иштер министри Борис Грызлов, атомдук энергия министри Анатолий Румянцев менен жолугушуп, кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, иш сапарынын учурунда Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча келишимге кол коюу күтүлүүдө. Маалымат боюнча, Аскар Айтматов кыргыз-орус мамилесинен тышкары, эки мамлекеттин КМШнын жана Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагындагы кызматташтыгы боюнча маселелерди талкуулаш үчүн Москвада КМШнын баш катчысы Юрий Яров, Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун кеңешенин баш катчысы Николай Бордюжа менен да жолугушат.

XS
SM
MD
LG