БИШКЕК. АКШнын Айыл чарба министрлиги 2002-жылы Кыргызстанга 5,1 млн. долларлык азык-түлүк түрүндө жардам берген. Бул тууралуу «АКИ-пресс» агенттигиндеги маалымат жыйынында АКШнын Айыл чарба министрлигинин Борбор Азия боюнча кеңешчиси Жеймс Хиггистон билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, Кыргызстанга 2003-жыл үчүн азык-түлүк жана техника жагынан жардам берүү маселеси азыр талкууланып жатат, бирок чечиле элек. Хиггистон Кыргызстанда азыр кыргыз фермерлерине кредит берүү жана айыл чарба маркетингин өнүктүрүү маселелерине көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. АКШнын айыл чарба министринин кеңешчиси Кыргызстанга өткөн жекшембиде келген. Келгенден бери ал айрым айыл чарба тармактары, волонтердук уюмдардын иштери менен таанышып чыкты.