Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:54

Жон О'Кифтин элчилик мөөнөтү аяктоодо

1-июлда президент Аскар Акаев АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жон О’Кифти анын элчилик ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Анда президент Жон О’Кифтин кыргыз-америка мамилесин өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады. Жон О’Киф Кыргызстанга 2000-жылы август айынын аягында келип иштей баштаган. АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Стивен Янг шайланган. Элчиликтен алынган маалыматка караганда ал жакынкы эки-үч айдын ичинде Кыргызстанга келип, ишин баштамакчы. Жон О’Кифтин кызматын жогору баалаган Аскар Акаев аны «Даңк» медалы менен сыйлоо жөнүндө жардык чыгарган.
XS
SM
MD
LG