Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Адистер Босниядагы кабырдан чыккан 12 кишинин сөөгү Босниялык мусулмандарга таандык экенин божомолдошот


Босниянын Зворник шаарындагы кабырдан өткөн жумада 50 кишинин сөөгү табылган. Кабырларды изилдеп жаткан комиссиянын башчысы Амор Масович ал жерде 1992-95-жылдардагы согушта кыргынга дуушар болгон мусулмандар көмүлгөн болушу мүмкүн дейт. Согуш жылдарында миңдеген кишилер дайынсыз жок болгон, ал эми баары болуп ички согушта 260 миң кишинин курман болгондугу божомолдонот.
Анын аралыгында, Еврошериктештик согуш кылмышкерлерине уюмдун аймагына кирүүгө тыйуу салды. Биримдик тараткан документте согуш кылмышкерлери менен аларга жардам берген кишилердин ысымдары келтирилет. Уюмдун Босния-Герцоговинадагы өкүлү Пэдди Эштаундун айтымында, документте 12 кишинин аты аталат, алардын көбү - босниялык сербдер. Кылмышкерлердин арасында босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичтин үй бүлөө мүчөлөрү: эне-бала Лилиана жана Александр Каражичтердин аттары аталган. Ошону менен катар эле тизмеде Сербиянын мурдагы премъер-министри Зоран Жинжичке кол салып, өлтүрүп кеткен Милорад Лукович Легиянын аты да бар. Ушундай эле тизмени мындан бир ай мурда АКШ да жарыялаган.

XS
SM
MD
LG