Өлкө акчаны биринчи июлдан баштап накталай эмес жүгүртүүгө киргизүүнү пландаштырылып жаткан эле. Улуттук Банктын төрагасы Сергей Дубков бул тууралуу чечим техникалык себептерге байланыштуу кабыл алынганын айтат. Ал эми өлкө президенти Александр Лукашенка кечээ улуттук телекөрсөтүүдөн сүйлөгөн сөзүндө Орусиядан Беларусиянын суверендүүлүгүн кепилдөөсүн талап кылган. 2005-жылдын биринчи январынан тартып, Беларус улуттук валютадан толук баш тартып, орус рублине өтүүнү пландаштырып жатат.