БИШКЕК. Кечээ Бишкек гарнизондук аскердик сотунун судьясы, юстициянын капитаны Абдразак Боронбаев коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал-майор Борис Полудону 13 жылга кесип, аскердик наамынан жана үй мүлкүнөн ажыраткан өкүм чыгарды. Полудо менен кошо сот жообуна тартылган № 42284 аскер бөлүгүнүн башчысы, подполковник А.Сатыбалдиев жана Коргоо министрлигине караштуу бир аскер бөлүктүн башчысынын орун басары, подполковник О.Островидов ар бири 5 жылдан эркинен ажыратылып, бирок мунапыска туш келген себептүү сот залынан бошотулушту. Төмөнкү чиндеги дагы 3 аскер кызматкерине коюлган айыптардын айрымдары да мунапыска байланыштуу сот тарабынан алынып салынды. Борис Полудого «аскер бөлүктөрүндөгү бир нече миллион сомдук күйүүчү майды максаттуу пайдаланган эмес» деген айып коюлган. Бирок Полудо өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албастан, Жогорку Сотко арызданууга ниеттенүүдө.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов