ОШ. Күн кескин ысып кеткендиктен, Аравансай дарыясында суунун деңгээли чектен тыш көтөрүлүп, Маңгыт айыл өкмөтүнө караштуу Кызылкоргон чөлкөмүндө Араван-Ноокат автожолунун 50 метрдей бөлүгү машине өткүс болуп жуулуп, иштен чыккан. Бул тууралуу маалымат баш кеңсеси Ошто жайгашкан Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн алынды. Аравансай дарыясына салынган ошол туштагы көпүрөнүн негизги тирөөчтөрү да кулап түшкөн. Натыйжада Араван-Ноокат автожолу убактылуу жабылып турат. Бүгүн жолчулар жолду жана көпүрөнү оңдоого киришти.