ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустагы Демократияны колдоо боюнча маалымат борборунда өткөн талкууга облустагы мусулман жана христиан дин ишмерлери, бейөкмөт уюмдардын башчылары жана укук коргоочулар катышты. Христиандык, евангелисттик, баптисттик уюмдардын кыргыз жана өзбек пасторлору чет өлкөлөрдөн жардам алышаарын төгүндөп, облуста дин тутуу эркиндигине тоскоолдук жок экендигин билдиришти. Мындан тышкары, дин ишмерлери ишенимин өзгөрткөндөр үчүн мүрзө салууга жер аянты зарыл экенин белгилешти. Расмий маалыматтар боюнча, облуста 10дон ашык христиан уюмдары бар. Башка динге 300дөн ашык адам өткөн. Айрым булактардын ырастоосу боюнча, андайлардын саны 10 эсе көп.