Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Оппозициялык кыймылдардын бири жакынкы «тегерек үстөлдөргө» катышпайт


БИШКЕК. «А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы бийлик уюштуруп жаткан форумга да, жарандык коомдун «тегерек үстөлүнө» да катышпайт. Бул тууралуу бүгүн кыймылдын башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, азыр кыймыл президентке жана бийликке ар кандай талаптарды коюга караганда, президентти кызматтан кетирүүнүн жол-жобосуна байланышкан талкууларга катышууга көбүрөөк ынтызар. Демократияны өнүктүрүү фондунун демилгеси менен эртең өтмөкчү болгон «тегерек үстөл» бийликке 10 талап менен кайрылмакчы. Ал эми президенттик администрациянын колдоосундагы «Өнөктөштүк форуму» аттуу «тегерек үстөл» 12-июлга болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG