Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Жаңы Зеландиянын аскер башчылары парламент мүчөлөрү менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык иштер жана коргонуу иштери боюнча комитеттеринин төрагалары Алишер Абдимомунов жана Мырзакан Субанов Жаңы Зеландиянын аскер күчтөрүнүн кош башчысы Мартин Данн менен жолугушту. Жолугушууда Мартин Данн Эл аралык антитеррордук коалициянын курамында испан аскер күчтөрүнүн ордуна Ганси авиабазасына келген Жаңы Зеландиянын аскер күчтөрүнүн милдеттери менен таанышты. Анын айтымында, С-130 үлгүсүндөгү учак менен Ооганстанга жүк жана киши ташый турган аскер күчтөрү Ганси авиабазасында үч ай болушат. Жолугушууга Жаңы Зеландиянын Москвадагы элчисинин орун басары Навини Килан менен Жаңы Зеландиянын Гансидеги аскер курамынын башчысы Скотт Аррела катышты. Маалыматтарда белгиленгенге караганда, азыр Кыргызстандагы Ганси авиабазасында Эл аралык антитеррордук коалициядагы алты өлкөнүн аскер күчтөрү жайгашып турат. Алардын курамында Ф-16 үлгүсүндөгү 12 аскердик учак бар.

XS
SM
MD
LG