Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Өнөгөсүз өпкө оорусу басаңдады


Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттериндеги өнөгөсүз өпкө оорусу басаңдап калды. Аталган уюм Канаданын Торонто шаарын да өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу кирип-чыгуу чектелген аймактардын тизмесинен чыгарды. Буга акыркы 20 күндө бул оорудан эч кимдин каза болбогондугу негиз берди. Эми оору бар деген тизмеде Тайвань гана калды.Орусия да өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу Кытай жана Монголияга кирип-чыгууга салынган тыюуну алып салды. Ага ылайык Кытай жана Монголиянын чек арасындагы төрт текшерип-өткөрүүчү пункт мурунку калыбында иштей баштайт.

XS
SM
MD
LG