Европа парламенти генетикалык жактан бурмаланган азык-түлүк товарларына сөзсүз түрдө өзгөчө белги коюуга милдеттендирген мыйзамды жактырды. Эгер бул мыйзамды Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер бекитсе, анда мындай азык-түлүк товарларына 1999-жылдан берки тыюу салууга мыйзамдык негиз берет. Ал эми АКШ генетикалык жактан бурмаланган товарларга тыюу негизсиз салынып жатат деп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна арызданган болчу.