Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарынынын соода борборунун башчысы Шаршенбай Мааткабыловду аялы, балдызы менен кошо белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишти. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, аларды Бишкектин “Ынтымак” жаңы конушундагы эки кабаттуу үйүнөн 30-июнда күнү түн ичинде башка атып өлтүрүшкөн. Андан кийин Мааткабыловдун эки өспүрүм кызын Мааткабыловдун уулунун машинасына салып кетишип, Сокулук районунун Новониколаевка айылынын жанына таштап кетишкен. Милиция кароосуз машинаны иликтегенден кийин гана Мааткабыловдордун өлтүрүлгөндүгүн 1-июлдун кечинде аныктаган. Шаршенбай Мааткабылов Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун бир тууган агасы.