Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

Европа Биримдигине төрагалык кылуучу Италиянын премьер министри өз программасы менен Европарламентти толук тааныштырган жок


Италиянын премьер-министр Сильвио Берлускони бүгүн Италиянын Европа Биримдигине төрагалык кылуу мезгилиндеги программасы менен толук тааныштыра алган жок. Ага парламенттеги “Жашылдар” партиясынын өкүлдөрүнүн аны “Мыйзам баарыга бир тең” деп жазылган плакаттар менен тосуп алганы себеп болду. “Жашылдар” муну менен премьер-министр пара алды деген кине менен козголгон кылмыш иштин токтотулгандыгына каршылык көрсөтүштү. Бул теманы Германиянын социалист депутаты Мартин Шульц козгогондо премьер министр Сильвио Берлускони кагып салды. Берлусконинин депутаттан кечирим суроосун отурумга төрагалык кылуучу сунуш кылса, Берлускони аны аткарбай коюп, отурум токтоду. Италия Европа Биримдигине 1-июлдан 31-декабрга чейин төрагалык кылат.

XS
SM
MD
LG