Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Жакынкы Чыгыштагы Вифлеем шаарына көзөмөлдүк кылуу палестиндерге өттү


Израиль бүгүн Иордандын батыш жээгиндеги Вифлеем шаарына көзөмөлдүк кылууну палестиндерге өткөрүп берди. Мындай макулдашуу Жакынкы Чыгышта абалды жөнгө салуу боюнча эл аралык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн. Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Шауль Мофаз Израилдин премьер министри Ариэль Шарон жана Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббастын сүйлөшүүсүнөн кийин билдирди. Анын айтымында, Ариэль Шарон Палестина автономиясынын жетекчиси Ясер Арафаттын Газа секторуна баруусуна каршы болгон жок. Арафат бир жарым жылдан бери израилдик аскерлердин курчоосунда калган Рамалахтагы резиденциясынан чыга элек болчу.

XS
SM
MD
LG