Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Американын өкмөтү Либериядагы жарандык согушту басууга бейпилдик күчтөрдү жиберүүнү караштырууда


АКШ Африканын батышынан орун алган Либерияга бейпилдик күчтөрдү жиберүү маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу АКШнын президенти Жорж Буш билдирди. Анын пикири боюнча абалды жөнгө салуу үчүн Либериянын президенти Чарльз Тейлор тезинен кызматтан кетүүсү керек. Либериянын президентинин кызматтан кетүүсүн талап кылган төңкөрүшчүлөр менен өкмөттүк аскерлердин өткөн айда, өлкө борбору Монрови шаарындагы кагылышуусунда жүздөгөн адам каза болуп, миңдеген жарандар үй-жайсыз калышкан.

XS
SM
MD
LG