Орусиянын башкы прокуратурасы “Менатеп” финансы компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Платон Лебедевдин кармалышында эч кандай саясий негиз жок экендигин билдирди. Айрым саясатчылар “Менатеп” компаниясынан тышкары мунай иштетүүчү эң бай “ЮКОС” компаниясынын да кожоюндарынын бири - Платон Лебедевди бийлик “ЮКОС” компаниясынын башчысы Михаил Ходорковскийге таасир көрсөтүү үчүн кармады деп жатышкан. Анын кармалышы “ЮКОСтун” акциясынын баасын түшүрүп, компания бир жарым миллиард доллар жоготту. “Менатеп” компаниясы Лебедевди кармоого көрсөтмө берген башкы прокуратуранын чечимин мыйзамсыз деп табуу арыздары тиешелүү мекемелерге берилээрин кабарлады. Платон Лебедев 1994-жылы тоо-кен иштетүүчү “Апатит” ишканасынын 20 проценттик акциясын уурдап алды деген кине менен кечээ Москвада кармалган.