Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Италиянын премьер министри Силвио Берлусконинин Европарламенттеги орой сөзүнөн чыккан чатак басылган жок


Италиянын премьер министри Силвио Берлускони кечээ Европарламенттин мүчөсү, немис депутаты Мартин Шульцту каккандан кийин Берлусконинин депутаттан кечирим суроосун Германиянын канцлери Герхард Шрөдер талап кылды.
“Мен Италиянын премьер министри бул адепке сыйбаган сөзү үчүн кечирим сурайт деп ишенемин” – деди канцлер Герхард Шрөдер.
Силвио Берлускони Италиянын Европа Биримдигине алдыдагы алты айда төрагалык кылуу программасы менен Европарламент өкүлдөрүн тааныштырып жатып, Мартин Шульцка “сиз нацисттик концлагердеги кароолчунун ролун аткарып киного тартылсаңыз болот экен” деген болчу. Депутаттан тышкары Силвио Берлусконинин кечирим суроосун Европарламент да талап кылды. Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Рейжо Кемппинен “бул абдан жаман саясий инцидент болду жана мындан ары мындай окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек”, - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG