Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

«Аларча» паркында түркиялык фотожурналист чагылган уруп каза тапты


БИШКЕК. Кечээ «Аларча» улуттук паркынын аймагындагы Текетөр (4424 м) чокусунан түшүп келатып, Түркиянын 41 жаштагы фотожурналисти Яшар Угур уулу Ожак чагылган тийип, каза тапты. Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, «Атлас» журналынын 3 журналисти 24-июнда Кыргызстанга өлкөнүн туристтик жерлери менен таанышуу максатында келишкен жана алар 25-июнда Аксай мөңгүсү тарапка бет алышкан. Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. Бул тууралуу бүгүн «АКИ-пресс» маалымат агенттиги жазып чыкты.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG