КАРАКОЛ. Каракол шаар мэринин милдетин аткаруучу Докдурбек Кыдыровдун маалыматы боюнча, Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык бюросу менен шаардагы суу канал ишканасы өз ара кызматташтык байланышты чыңдоо максатында келишимдерге кол коюшту. Кол коюлган келишимдерге ылайык Ысыккөл облусунун борборундагы суу канал ишканасы кайра калыбына келтирилип, анын материалдык-техникалык базасы жакшыртылмакчы.