Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Эсеп палатасынын мурдагы текшерүүчүсү 12 жылга эркинен ажыратылды


БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматынын апелляциялык арызынын негизинде Бишкек шаардык соту июнь айынын этегенде Эсеп палатасынын мурдагы текшерүүчүсү Рысбек Сагданбековду үй мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн УККнын экономикалык коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Эркинбек Аскарбеков билдирди. УКК былтыр октябрда «Манас» аэропортунун жетекчилигинин арызынын негизинде Сагданбековго каршы кылмыш ишин козгогон. Арызда айтылгандарга караганда, Сагданбеков жетектеген топ «Манас» аэропортунун жана анын аймагындагы фирмалардын финансы-чарбалык иштерин текшерип, айрым мыйзам бузуу фактыларын жашырыш үчүн 80 миң доллар пара сураган. Сагданбековду кармаганда жанынан 12 миң 700 доллар, үйүнөн 1600 доллар, эки түрдүү куралдын 167 огу табылган. Бул ишти февралдын аягында караган Бишкектин Ленин райондук соту аны актап чыккан.

XS
SM
MD
LG