Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Өкмөт кыргыз-кытай чек арасын ачуу тууралуу буйрук чыгарды

БИШКЕК. Өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу 12-майда жабылган Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы автоунаа жана аба каттамдары эртеңден тартып калыбына келтирилет. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Николай Танаев бүгүн кол койду. Мындай бүтүмгө өкмөт эпидемиялык кырдаалдын тынчыгандыгына байланыштуу келди. Буйрукка ылайык, илдет күз-кыш айларында күчөп кетиши ыктымал экенин эске алуу менен, кыргыз-кытай чек арасында санитардык көзөмөлдү үзгүлтүксүз камсыз кылуу Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды.
​
XS
SM
MD
LG