Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

УКК «Өзбекстан ислам кыймылынын» аракеттерин талдоого алууда


БИШКЕК. «Өзбекстан ислам кыймылы» Борбор Азия аймагынын бейкуттугун бузуу максатында ар түрдүү эл аралык террористтик уюмдардан жана фонддордон 400 миң доллар алган. «Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын директорунун орун басары Токон Мамытов 2-июлда билдирди», деп кабарлайт «Интерфакс» агенттиги. Токон Мамытовдун айтымында, азыр Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук кызматтары «Өзбекстан ислам кыймылына» кайсы уюмдар жардам бергенин такташууда. «Андан тышкары, «Өзбекстан ислам кыймылы» Кытайдын сепаратисттери жана Борбор Азиядагы башка террористтик топтор менен биригип, «Түркстан ислам кыймылын» түздү, бул уюм аймактагы мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатат», деп билдирген Токон Мамытов. «Түркстан ислам кыймылы» өз катарына «Хизбут-Тахрир» партиясын да кошуп алууга аракет көрүп жатканы жоромолдонууда.

XS
SM
MD
LG