Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Абдыганы Эркебаев парламенттин тараарына ишенбейт


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, палатанын кезектеги сессиясы аткарган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, палата быйыл 276 мыйзам долбоорун карап, анын 237син кабыл алып, 24үн Эл өкүлдөр жыйынынын кароосуна берди. Мыйзамдардын 136сына президент кол коюп, 12син палатага кайра кайтарды. Төрага Абдыганы Эркебаев парламенттин ушул күздө тарап, келерки февралда шайлоо болоору тууралуу божомолдорду чындыкка коошпогон имиш катары баалады. Ал эми «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров кечээки маалымат жыйынында парламенттин тараарына бекем ишенээрин, бул божомол саясатчылар арасында көшөгө артында кызуу талкууланып, шайлоого тымызын даярдыктар жүрүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG