Президент Буш ушундай чечим кабыл алгандыгын кабарлап, Батыштагы маалымат агенттиктери процесс качан жана каерде башталары али белгисиз экендигин кабарлашты. Мындан тышкары террорчу деп айыпталып, ушу тапта АКШнын түрмөлөрүндө жаткандардан кимдер сотко берилери да анык эмес. Бир эле Кубадагы Гуантанамо аскер базасында 680ге жакын айыпкер кармалып турат, Вашингтон аларды аскери туткун катары тааныгандан баш тарткан.