Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Косовонун статусу боюнча Сербиянын саясий партиялары бирдиктүү позицияга келиши керек


Мындай кадам косоволук албан лидерлери менен баштала турган сүйлөшүүлөр алдында абдан зарыл, деп билдирди бүгүн Сербиянын премьер-министри Зоран Живкович. Живковичтин айтымында, серб качкындарын Косового кайтаруу маселеси атайын декларацияда белгиленүүгө тийиш. Мындан тышкары бул документте Сербия жана Черногория мамлекетинин рамкасында Косовонун статусун аныктап чыгуу керек. Косоводогу албан саясатчылары жакында серб качкындарын провинциядагы үйлөрүнө кайтканга чакырышкан эле. Бирок серб жамаатынын лидерлери чакырыкты четке кагып, бул үчүн адегенде кепилдик берүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG