Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Вашингтон Түндүк Кореядагы режимди алмаштырууну көздөп жаткан жери жок


Бул тууралуу мамлекеттик катчынын орунбасары Ричард Армитеж “Эркин Азия” радиосуна берген интервьюсунда ырастады. Ошол эле учурда ал Пхеньянда атомдук куралга ээ болууга умтулбаган, коңшуларына коркунуч келтирбеген өкмөт болушун Вашингтон түпкүлүгүндө каалай тургандыгын моюнга алды. Бирок бул проблема бир күндө эле чечиле калбайт. Бул үчүн чыдамдуулук керек, деп айтты Армитеж. Кошмо Штаттары, анын сөздөрүнө ылайык, Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө, кризисти чечүүдө башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытайдын жана Россиянын позициясын эске алганга кызыкдар.

XS
SM
MD
LG