Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Саддам Хусейн жөнүндөгү данисте маалыматка атайын сыйлык сайылды


Бул тууралуу Ирактагы америкалык утурумдук администрациянын башчысы Пол Бремер билдирди. Кимде-ким экс-диктаторду кармаганга жардамдашса же анын өлгөндүгүн тана алгыс таныктар менен тастыктай алса, ага 25 миллион доллар суммасында сыйлыкпул төлөнөт. Ал эми Саддамдын уулдары - Кусай менен Удайга байланыштуу ушундай эле маалыматтарга 15 миллион доллар берилет. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Саддамдын дарек-дайынын - же тирүү же өлүү экенин – так аныктоо үчүн баарын жасоо керектигин белгилеп, бул Ирактагы кырдаалды стабилдештирүү, экс-диктатордун эми бийликке эгерим кайтып келе албастыгына калкты ишендирүү үчүн зарыл деп билдирди.

XS
SM
MD
LG