БИШКЕК. Былтыр алдоо менен сатылып кеткен элеттик бир кызды Улуттук коопсуздук кызматы июнь айында Бирикен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга кайтарды. Ал эми жыл бою кыздарды чет өлкөлөргө мыйзамсыз чыгарып, сойкулук ишке аралаштырганы үчүн айыпталган беш далдалчы июнь айында сот жообуна тартылышты. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында УККнын кызматкери Талант Буларкиев билдирди. Анын айтымында, мындай кылмыштарга салабаттуу айрым фирмаларга жамынган жарандар жасашат. Алар ар бир кыздын сойкулук ишинен 5-6 миң доллар пайда табышат. Сойкулук ишине Араб Эмираты, Түркия сыяктуу мамлекеттерге жумасына беш-алты кыз жасалма паспорт менен жөнөтүлүп турат. Кыргызстандын паспорту адатта артыкчылыктарына жараша 5 миң сомдон 5 миң долларга чейинки акчага сатылып алынат. Сутенерлор паспортторду жарды кишилерден сатып алууга аракет кылышат.