БИШКЕК. Түркиядагы Ван көлүнүн боюнда жашаган Рахманкулхандын туугандарынын ичинен 17 түтүн кыргыздар түп мекенине көчүп келүүнү суранып, президент Аскар Акаевге жана Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментине кайрылышты. Миграция департаментинин мекендештер жана көчүп келүүчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Игорь Громовдон бүгүн алынган маалыматка караганда, Түркиядан Кыргызстанга көчүп келүүгө 101 кыргыз ниеттенүүдө. Алардын ар бири баш-аягы 10 документ толтурууга тийиш. Чет өлкөлөрдөгү кыргыздарды түп мекенине көчүрүп келүү жөнүндө буйрукка президент Аскар Акаев 2001-жылы 29-августта кол койгон.