Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Днестр кылаасындагы проблеманы чечүү үчүн биргелешкен комиссия түзүлөт


Ага Молдавия менен өзүн-өзү эгемен республика кылып жарыялаган Днестр кылаасынын өкүлдөрү кирет. Комиссия Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эгидасы астында иштейт. Бул тууралуу ОБСЕнин Кишиневдогу өкүлү билдирди. Анын ырастоосуна ылайык,комиссия жакынкы аралыкта ишке киришет жана Молдавиянын жаңы конституциясынын долбоорун даярдайт. Молдаван президенти Владимир Воронин өлкөнүн жаңы конституциясын түзүп, анда Днестр кылаасына кеңири автономиялуу укуктарды берүүнү сунуш кылган эле. Апрелде бул идеяга өлкөнүн парламенти колдоо билдирген.

XS
SM
MD
LG