Бул тууралуу бүгүн атом энергиясы боюнча эл аралык мекеменин - МАГАТЭнин башкы директору Мохаммед ал-Барадей билдирди. Анын сөздөрүнө ылайык, Тегерандын ядролук программасы ачык-айкын мүнөздө жүргүзүлсө эл аралык коомчулукка Иранга салынган санкцияларды алып салганга жол ачмак, мунун өзү Тегеранга келечекте атомдук жаңы технологияларга ээ болгонго мүмкүндүк бермек. Бирок бул үчүн убакыт керек, деп көрсөттү ал-Барадей.