Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Грузияга америкалык президенттин атайын чабарманы келди


АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жеймс Бейкер Тбилисиде президент Эдуард Шеварднадзе менен саясий жана экономикалык реформалардын проблемаларын талкуулайт. Президент Буш, Ак үйдүн өкүлү ырастагандай, Бейкерге быйыл күздө Грузияда боло турган парламенттик шайлоонун эркин жана адилет өтүшүнө Вашингтон өзгөчө маани берип жаткандыгын грузин жетекчилерине атайын эскертүүнү табыштаган. Мындан тышкары Бейкер региондогу коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү проблемаларын да талкуулайт. Бейкер Грузияда эки күн болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG