Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Москванын Тушино аэродромунда жарылган бомбадан он алты адам набыт болду


Жарадар болгондордун саны жыйырмадан ашты. Бул тууралуу ички иштер министри Борис Грызлов билдирди. Тушинодогу бүгүнкү рок-концертке баш-аягы кырк миңдей адам келген экен. Жанкечти эки аял ичкери өткөрүүчү пунктта өздөрүн жардырып жиберишкен, алардын бири Чеченстандагы Курчалой кыштагынын тургуну Залихан Элихажиева деген аял экени айтылууда. Арслан Масхадовдун Россиядагы өкүлү Саламбек Маигов Тушинодогу ишке чечен президенти менен анын өкмөтүнүн тиешеси жоктугун ырастады. Москвада милиция күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Массалык иш чаралар өткөрүлүүчү жайларда жана базарларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG