Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:53

Кыргызстанга Дүйнөлүк Банктын миссиясы келди

БИШКЕК. Бүгүн Дүйнөлүк Банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, Жонатан Камквалала баштаган Дүйнөлүк Банктын миссиясы кечээ Кыргызстанга иш сапары менен келди. Жонатан Камквалала мырза - Дүйнөлүк Банктын бир катар ири долбоорлорунун жетекчиси. Миссиянын мүчөлөрү Кыргызстандын өкүлдөрү менен уюмдун өлкөдөгү иштеп жаткан долбоорлорунун аткарылышын талкуулашат. Дүйнөлүк Банк - Кыргызстанга эң көп карыз берген эл аралык финансы уюму. Банкка Кыргызстандын карызы - 454 млн. доллар.
XS
SM
MD
LG