Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Нарын облусунун М. Баетов айылында карылар жана балдар үйү курула баштады


НАРЫН. Бүгүн Акталаа райондук акимчилигинен алынган маалымат боюнча, райондун аймагында акыркы жылдарда кароосуз калган балдардын, багар-көрөрү жок карылардын көбөйгөнү байкалууда. Ушуга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын демилгеси менен эски оорукананын 20 бөлмөлүү имаратын элдик ыкма менен толук оңдоодон өткөрүп, карылар жана балдар үйүнө айлантуу тууралуу чечим кабыл алынган. Оңдоо иштерине жергиликтүү жумушсуздар жана айыл өкмөттөрү да тартылууда. 40 орунга эсептелген бул башпаанек Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүлүп, ага атайын катталган кары адамдар жана жетим балдар жайгаштырылат.

XS
SM
MD
LG