ЖАЛАЛАБАД. Облустук прокуратурадан бүгүн алынган маалымат боюнча, 15-майда ички иштер кызматтарына бүлүк салгандардын ишин Жалалабад шаар соту 8-июлда териштирет. Жети томдон турган кылмыш иши менен айыбы угузулган 9 адам жана алардын коргоочулары, мамлекеттик айыптоочулар менен шаардык сот таанышып бүттү. 13 жабырлануучу менен бирге 91 кишиге чакыруу кагаздары жиберилди. Окуяга катышкандарга Кылмыш кодексинин 6 беренесине ылайык «куралдуу козголоң», «каракчылык», «курал-жарак тоноо» жана «ички иштер кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч келтирүү» деген күнөөлөр коюлган. Жети айыпталуучунун ата-энеси «балдарыбыз турмуштун оордугунан улам ушундай ишке барышты» деп эсептешип, балдарынын айыбын кечирүүнү өтүнүп, президент Аскар Акаевге жана Жогорку Кеңешке кайрылышкан.
Жалалабаддын облустук жана шаардык ички иштер органдарына кол салгандардын иши 8-июлда сотто каралмакчы