Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Эртең премьер-министр селектордук кеңешме өткөрөт


БИШКЕК. Эртең премьер-министр Николай Танаев кезектеги селектордун кеңешмесин өткөрөт. Анда министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мамлекеттик комиссиялар Жогорку Кеңештин депутаттары айткан сын пикирлерди, сунуштарды кандай аткарып жатканы, быйылкы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюунун жүрүшү талкууланат. Кеңешмеде бул маселелер боюнча экология жана чукул кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев, Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов, облустардын губернаторлору, бир катар министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери отчет беришет.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG