БИШКЕК. Эртең Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов расмий иш сапары менен Москвага жөнөп кетет. Эки күндүк иш сапарынын учурунда ал Орусиянын бир катар жооптуу кызматкерлери менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулайт. Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, Аскар Айтматов Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Иванов, ички иштер министри Борис Грызлов, Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа, Орусия менен Кыргызстандын соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтыгы боюнча биргелешкен комиссиянын төрагасы, өзөктүк кубат министри Анатолий Румянцев жана башкалар менен жолугушат. С. Иванов менен болгон Аскар Айтматов эки тараптуу кызматташтык маселелеринен тышкары айрым регионалдык жана эл аралык маселелерди да талкуулап, пикир алмашат.