Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Сингапурда сиям эгиздерине операция жасалууда


Бүгүн сингапурлук доктурлар баштарынан жабышып төрөлгөн ирандык эгиз кыздарды бөлүү үчүн операция жасашууда. Буга байланыштуу бүгүн Ирандын президенти Мохаммед Хатами “Иран эли эгиз кыздардын операциясы ийгиликтүү аякташын кудайдан тилөөдө” деген пикирин билдирди. 29 жаштагы Лале жана Бижани аттуу кыздар соңку бир нече айдан бери дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүштү. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында, эгиз кыздардын мээси өз-өзүнчө жайгашкандыгы аныкталып, доктурларга хирургиялык операция жасоого уруксат берилген. Врачтардын айтымында операция 48 саатка созулат.

XS
SM
MD
LG