Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:18

Иракта бир америкалык жоокер оор жараат алды


Бүгүн Иракта бир америкалык жоокер Багдад университетин көзөмөлгө алып жүргөн жеринде белгисиз бирөөөнүн аткан огунан оор жарадар болду. Ошондой эле ушул эле күнү Абу-Сада ас-Сагра шаарындагы Кошмо Штаттардын аскердик бөлүгү аткылоого алынып, дагы бир жоокер жарадар болгондугу кабарланууда. Ал эми кечээ Ирактын Рамади шаарында болгон жардыруудан жети полициячы каза болуп, он адам жарадар болду. Аталган шаардын полициясынын төрагасы Жаадан Мохаммадын айтымында, жардыруу Саддам Хусейндин жактоочулары тарабынан уюштурулгандыгы аныкталды.

XS
SM
MD
LG