Бүгүн Чеченстанда Ми-8 үлгүсүндөгү орусиялык аскердик тик учма жерден көтөрүлүп баратып кулап түштү. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча тик учмадагы төрт аскер кызматкери каза болуп, он бири жараат алды. Орусиянын Аскер аба күчтөрүнүн маалымат кызматынын жетекчиси полковник Александр Дробышевскийдин маалыматына караганда, кырсык Грозныйдан 40 чакырым алыстыктагы Новогрозненск айлында болду. Тик учма абага көтөрүлгөндөн бир нече минуттан соң жарылган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.