БИШКЕК. Дүйшөмбүгө караган түнү саат үчтөрдө Бишкек-Ош жолунун 150- чакырымында вице-премьер- министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев, анын биринчи орун орунбасары Кубанычбек Мамаев түшүп келаткан «Мицубиси Пажеро» автомашинасы аварияга учураган. Андан рулда келаткан Жумалиевдин жардамчысы Марат Турсуналиев каза болгон, ал эми калгандары ар кандай деңгээлде жараат алып, Бишкектеги ооруканага жеткирилген. Учурда Кубанычбек Жумалиев республикалык атайын ооруканада, ал эми Мамаев, Кадыркулов Улуттук госпиталда жатат. Алардын өмүрүнө коркунуч жок. Маалымат 7-июлда транспорт жана коммуникация министрлигинен алынды.