Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Эл өкүлдөр жыйыны 62 маселени талкуулады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги 17-сессиясы сентябрь айынын этегинде өтмөкчү. Анда негизги маселе катары өлкөнүн 2004-жыл үчүн бүйүжети талкууланат. Мындан тышкары өкмөттүк күндүн тутумундагы маселелердин 16-сессиядан калгандары каралат. Бул тууралуу дүйшөмбүдө палатанын маалымат кызматы кабарлады. Ушул эле күнү төрага Алтай Бөрүбаев өткөн сессиянын жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Анын билдиришинче, Эл өкүлдөр жыйыны кезектеги отурумунда 62 маселени талкуулады. Алардын ичинен парламентте өзгөчө кызуу талкууну «өкмөттүк күндөгү» маселелердин ичинен коомдук коопсуздук маселеси жаратты. Палата бул багытта тартип коргоо органдарынын ишин натыйжасыз деп баалады. Мындай чечимди депутаттар акыркы мезгилде Бишкек-Торугарт жолундагы, «Оберон» базарындагы, Бакай Банкынын Оштогу акча алмаштыруу жайындагы жана Жалалабад облустук, шаардык ички иштер кызматтарындагы чуулуу окуяларды эске алуу менен чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG