Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Ф.Кулов президент, коопсуздук, прокуратура жетекчилерине кат жолдоду


БИШКЕК. «Мен, менин тарапкерлерим коомго, өлкөгө жана элге коркунуч туудурбайт. Сиз үчүн өз киши саналгандардын мыйзамсыз аракеттери коркунучтуу». Оппозициячыл «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов президент Аскар Акаевдин наамына жолдогон 2-июлдагы катта ушундай айтылат. Катты Кулов Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратуранын аракеттерине даттануу максатында жазган. Президентке жана Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев менен Коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкуловдун наамына жазган каттарында билдиргенге караганда, атайын кызматтар Кулов отурган бөлмөгө тыңшагыч аппараттарды коюу аракетин жасап жатышат. Феликс Кулов кызматкерлердин бөлмөгө келиши, ооруканага жатып, медициналык кароодон өтүүгө сунушташы ушундай божомолду жаратып жатат, деген ойдо. Ал мындай иш-аракеттер конституциялык укугуна шек келтирип, жеке керт башына жана психологиясына кысым көрсөтүп жатат деп эсептейт. Ошондуктан, сот жараянына чакырылганда же бошонгондо гана өзү отурган бөлмөнү бошотоорун, ага чейин эч жакка барбасын билдирген. Каттын мазмунун 7-июлда «Арнамыс» партиясы таратты. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды, мамлекеттик мүлккө зыян келтирди деп 10 жылга эркинен ажыратылган Феликс Кулов ушул жылдын 8-апрелинде Сокулук районундагы Жаңыжер түрмөсүнө которулган. Кулов өзүнүн ак экениң ырааттуу айтып келет.

XS
SM
MD
LG