Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Кыргызстан Акыйкатчысы Голландияда


БИШКЕК. Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Голландиянын Роттердам шаарында адам укуктарын сактоого байланыштуу эларалык семинарга катышууда. 3-июлдан 8-июлга чейин созулуучу семинарды Адам укуктары боюнча эларалык Хельсинки федерациясы уюштурган жана ага дүйнө мамлекеттеринин Омбудсмандары, адам укугун коргоо уюмдарынын жетекчилери катышууда.Кыргызстан Акыйкатчысы семинарда жумуруяттагы адам укуктарынын абалы боюнча сөз сүйлөйт. Бул тууралуу 7-июлда Акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Айрым маалыматтарга караганда, семинарга катышкан Борбор Азия мамлекеттеринен барган укук коргоочулар 7-июлда ЕККУнун парламенттик ассамблеясында маалымат жыйынын өткөрүп, анда 2001-жылы сентябрь айында АКШда болгон террордук актылардан кийин өз мамлекеттериндеги адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат беришти.

XS
SM
MD
LG