Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү


БИШКЕК. 7-июлда Ташкен шаарында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны башталды. Кыргыз делегациясын өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов жетектөөдө. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү тышкы иштер министрлигинин Өзбекстан боюнча адиси Алмаз Идрисов билдирди. Анын айтуусунча, сүйлөшүүлөр 10-июлга чейин созулат. 9-июлда Ташкенге премьер-министр Николай Танаев бармакчы. Ал Ташкенде өзбек өкмөт башчысы Уткир Султанов менен жолугушуп, эки тараптын суу-энергетика, чек араларды делимитациялоо, транспорт транзити, газ маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Кыргыз өкмөт башчысынын сапары учурунда соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны да өткөрүлөт. Николай Танаевдин сапары 10-июлга чейин созулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Надыр Момунов билдирди.

XS
SM
MD
LG