Иракта АКШнын аскерлерине кол салуу уланууда. Өткөн түнкү атышуудан эки америкалык жоокер каза болду. Каза болгон жоокердин бири белгисиз бирөө тарабынан алыстан снайпер менен атып өлтүрүлгөн ал эми экинчиси куралдуу адамдар менен атышууда мерт болгон. Ошондой эле өткөн түнү Багдаддын түндүк тарабындагы Рамади шаарында Кошмо Штаттардын аскердик бөлүгүнө кол салуу болуп, төрт жоокер жарадар болду.